Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 18- сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 19/5
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүш жерлерине корукчуга төлөнүүчү акыны бекитүү боюнча элдин сунушунун негизинде Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш, Кенеш, Дөбөлү айылдарынын айыл тургундарынын үлүш жер ээлери корукчуга коруп бергендиги үчүн, эмгек акысы айыл тургундарынын 1 га үлуш жерине бир айга 100(жүз) сом болуп бекитилсин:
2. Дөбөлү айыл аймагында Кенеш, Алыш, Дөбөлү айылдарында 20-апрелден баштап, 1-октябрга чейин «Бада»(кесүү) уюштурулсун.
3. Кесүү убагында малдар корук жерлерге түшкөн болсо Дөбөлү айыл аймагындагы административдик укук бузуу комиссиясы менен биргеликте чара көрүлсүн.
4. Кенеш айылынын « Сейил-Булак, Ак-Там» айылындагы, «Ак-Тамдан», «Кайырма», « Ак-Там», «Ак-Там» участокуторундагы айыл тургундарынын үлүш жерлерин коруу боюнча айыл тургундары менен уюштууруу иштерин көрүү жагы Кенеш айылынын айыл башчысы Ж. Курмановго милдеттендирилсин.
5. Алыш айылынын «Салкын-Төр», «Чычырканак», « Кур-Сай» участокуторундагы айыл тургундарынын үлүш жерлерин коруу боюнча айыл тургундары менен уюштууруу иштерин көрүү жагы Алыш айылынын айыл башчысы Ж. Алымбаевга милдеттендирилсин.
6. Дөбөлү айылынын «Ак-Там», « Куу-Дөңгөч», «Көгөндү», « Өрдөш», « Көк-Ой», «Эки-Нарын», участокуторундагы айыл тургундарынын үлүш жерлерин коруу боюнча айыл тургундары менен уюштууруу иштерин көрүү жагы Дөбөлү айыл өкөтүнүн Айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б. Токталиевге милдеттендирилсин
7. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |