Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 11/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын № 1-12/94 09.02.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана бөлүштүрүү боюнча сунушталгал комиссиясынын курамын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана бөлүштүрүү боюнча сунушталгал төмөнкү атайын 7 адамдан турган комиссия курамы жана иш-регламенти бекитилип берилсин:
- Исмаилов Уларбек Тавалдиевич- Көк-Жаңгак шаарынын мэри;
- Усенов Кадыржан Атабекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
- Мамайкулов Алтынбек Алибекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
- Байдавлетов Заирбек Максатбекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
-Талипов Равшан Хабибуллаевич- шаардык мэриянын жер боюнча жетектөөчү адис;
- Карабаева Уруятхан Калиловна- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин жоопту катчысы;
- Дастанов Абдужалил – Көк-Жаңгак шаарынын архитектору.
2. Түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү аяктаган ижарачыларга өзү ижарага итшетип жүргөн жер тилкесин айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча мыйзамына ылайык берилсин.
3. Келишимдин көрсөтмөлөрүн аткарбаган ижарачылардын жер тилкесин кайтарып алынып, кайрадан аукциондун негизинде башка ижарачыга келишим түзүлүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча жетектөөчү адис Р.Талиповго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |