Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 71
Мэрдин 2017-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган № 2 Жарлыгынын тийиштүү пуктарын аткарууга алууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн божомолго ылайык салыктарды жана төлөмдөрдү чогултууну камсыз кылууну, 2018-2019-жылдарга шаарга инвестицияларды тартуу менен көп кабаттуу ийри имараттарды куруу иштерин ишке ашырууну колго алууну жана шаардагы борбордук көчөлөрүндөгү төшөлгөн асфальтарды бузуп ремонт иштерин жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке жактарга бузган асфальтты калыбына келтирүү иштерин күчөтүүнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |