Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 72
Мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2017-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2017-жыл аралыгында Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2017-жыл аралыгында Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. 2018-жылдын бюджетинде каралган бардык иш-чараларды камсыздоо, киреше планды аткарууну, шаардын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн сатуудан алынган салыктын кирешесин көбөйтүү жолдорун табууну жана курулуш иштерине багытталган каржылоону өз убагында которуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алууну мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата мэриясынын банктык эсебинде турган Жер кен байлыктарын казып алуудан түшкөн 2% акча каражаты, райондук өнүктүрүү фондуна кандай жол менен которулуп кеткендигин тактоо каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоону «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |