Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 73
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2017-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2017-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2017-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
Шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директору Э.Маматовго
- төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттын кирешесин көбөйтүүнүн планын иштеп чыгууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө;
- шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жээк жолдорун, көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча иштерди 2018-жыл аралыгында жүргүзүүнү;
- таштандыларды көчөлөрдү кыдырып ташып чыгаруу боюнча графигин түзүп шаар тургундарына жарыя кылууну;
- таштандыларды ташып чыгарууда абоненттер менен иштөөнүн сапатын жогорулатууну;
- Коммерциялык багыттагы соода-сатык иштерин жүргүзгөн жеке секторлорго жана юридикалык жактарга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин көтөрүү чараларын көрүүнү.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |