Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25–ноябры № 32/02
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 11 ай ичинде бюджеттинин чыгаша бөлүмүнө квартал ичинде кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 3-августтундагы «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» фестивалын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө № 508-б буйругун аткаруу үчүн Ысык-Көл облусунүн Кырчын жайлоосунда өтүүчү фестивалына кыргыз үй тигүү жана транспорт чыгымдары үчүн жалпы суммасы 59600 сом, жана башка чыгымдарга 67400 сом, мектептерге жана балдар бакчасына чарбалык буюмдарды алуу үчүн 41000 сомду түзөт. Бул акча каражатын берүү үчүн үнөмдөлгөн беренелерден жылдыруу боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулапКерме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 11 ай ичинде чыгаша бөлүктөрүнөн үнөмдөлгөн беренелерден жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн. (№ 1 тиркеме тиркелет).
Төрага | А.Тажибаев |