Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 75
2018-жылга жыл башында калган калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын жыл башында калган 23 970 070 (жыйырма үч миллион тогуз жүз жетимиш миң жетимиш) сом калдыгынын 2018-жылга пландаштырган жумуштарга иштетүү үчүн бөлүштүрүү боюнча вице-мэрдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын жыл башында калган 23 970 070 (жыйырма үч миллион тогуз жүз жетимиш миң жетимиш) сом калдыгы 2018-жылга пландаштырган жумуштарга иштетүү үчүн төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
12 212 087 (он эки миллион эки жүз он эки миң сексен жети) сом Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчасынын имаратын курууга жана Жомок балдар бакчасынын экинчи имаратын капиталдык ремонту үчүн.
1 468 276(бир миллион төрт жүз алтымыш сегиз миң эки жүз жетимиш алты) сом Тургенева 3 көчөсүнө асфальт төшөө.
575 724 (беш жүз жетимиш беш миң жети жүз жыйырма төрт) сом Жомок балдар бакчасынын кошумча ремонтуна берилүүчү каражат.
112 463(бир жүз он эки миң төрт жүз алтымыш үч миң) сом Ветеринардык пункт курууга.
358 000(үч жүз элүү сегиз миң) сом Проектерди жасатууга.
1 410 000 (бир миллион төрт жүз он миң) сом Микроавтобус сатып алуу үчүн.
1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом Кут курулуш сквер үчүн.
49 000(кырк тогуз миң) сом, проектерди жасоого ЖЧК Долбоорго
1 695 947,98 (бир миллион алты жүз токсон беш миң тогуз жүз кырк жети) сом Мурадян көчөсүнө асфальт төшөө.
1 034 000(бир миллион отуз төрт миң) сом Мэриянын имаратынын ичин ремонттоо.
1 200 000(бир миллион эки жүз миң) сом Шаарыбыздын № 14чү, № 15чи, № 28чи жана Н.Исанов атындагы орто мектептердин мугалимдеринин коммуналдык чыгымдары үчүн.
120 980 (бир жүз жыйырма миң тогуз жүз сексен) чыгынды сууларды агызып чыгарууга трубаларды сатып алууга жана орнотууга.
1 952 212 (бир миллион тогуз жүз элүү эки миң эки жүз он эки) сом, анын ичинен: 1 542 500(бир миллион беш жүз кырк эки миң беш жүз) Шаардык Кеңештин, шаардык мэриянын аппарат кызматкерлеринин, юристинин бир жумуш күнүнө 250сомдон компенсациясы жана 122 500 (бир жүз жыйырма эки миң беш жүз) сом юристин эмгек акысы, 287 212 (эки жүз сексен жети миң эки жүз он эки) сом социалдык фондго чегерүүсү.
365 820(үч жүз алтымыш беш миң сегиз жүз жыйырма) сом Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы, катчысы, Эл башы, Аксакалдар сотторуна аялдар кеңешинин төрайымына жана квартал башчыларына квартал сайын берилүүчү акчалай сыйлоо.
15 561 (он беш миң беш жүз алтымыш бир) сом № 28 орто мектептин сигнализациясы үчүн
Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |