КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 77
Комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн, Кочкор-Ата шаарынан аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн жаңыдан курамды бекитип берүүгө жазган билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн сунушталган төмөндөгү талапкерлер бекитилсин.
- Масирова Шарипакан Ногойкулова
- Мадылова Ханикей Чуроковна
- Алкадыров Нурбек Азимович.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмеси Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |