Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы №1
“Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы Кызыл-Үнкүр токой чарбасынан жергиликтүү тургундарга жангак токой бөлүп берүү жөнүндө”
Кызыл-Үңкүр токой кызматынын директору К.Чойтоевдин маалыматы менен таанышып угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын жангак токой аянттарын жана Мамлекеттик токой фондунун жайыт жерлерин биринчи кезекте Кызыл- Үнкүр айыл аймагынын жергиликтүү жашаган тургундарына ажыратылып берилсин.
2. Кызыл Үнкүр токой чарбасына тиешелүү жаңгак токой аянттары жана Мамлекеттик токой фондунун жайыт жерлери Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын жергиликтүү жашаган тургундарынын муктаждыктарынан ашкан учурда гана башка айыл аймактын тургундарына берүү жагы эске алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Токой Мыйзамынын беренелерине ылайык документтерди даярдап,жергиликтүү тургундарга токой аянтын бөлүп берүү жагы Кызыл-Үнкүр токой кызматынын директору К.Чойтоевке милдеттендирилсин..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А. |