Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 06-январы № 1
“Кызыл-Үнкүр айыл аймагында жер көчкү жана сел,суу ташкындарынан кооптуу деп табылган жерде жашаган жана кезекте туруп турак жай курууга өтө муктаж жарандарга там салууга болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында жер участогун ажыратып берүү жөнүндө”
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановдун билдирүүсүн жана Кызыл-Үнкүр токой кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен жыйынын протоколу менен таанышып угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн сунушу жана Кызыл-Үнкүр токой кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен жыйынын протоколу көнүлгө алынсын.
2. Кызыл-Үнкүр токой кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен жыйынын протоколунда көрсөтүлгөн Чон Ак-Булак айылынан 4,48 га, Кичине Ак-Булак айылынан 30,4 га, Алтын-Кыя айылынан 2,0 га жалпысы 36,88 га баасы төмөн, бак –дарактар өскөн,ачык кайракы айыл чарба жерлеринен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин адистери тарабынан Кызыл-Үнкүр айыл аймагында жер көчкү жана сел,суу ташкындарынан кооптуу деп табылган жерде жашаган жана кезекте туруп турак жай курууга өтө муктаж жарандарга там салууга болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында жер участогу ажыратылып берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жер Мыйзамынын беренелерине ылайык документтерди даярдап, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жана райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тапшырып ,алар менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жамгырчиев |