Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш I уюштуруу сессия
2017-жылдын 09-ноябры № 6
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктун, 38-беренесинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 3.4-пунктунун негизинде шаардык кеңештин уюштуруу I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынын сунушунун негизинде шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары болуп Тургунбаев Муктарбек Азимович шайланды деп эсептелинсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин азчылыкта калган фракциянын сунушунун негизинде шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары болуп Аканов Нурбек Калмаматович шайланды деп эсептелинсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |