Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 32/03
Гүлбаар маданият үйүнүн имаратын жаңыдан куруу үчүн АРИС программасынын алкагында өтүүчү инвестициялык конкурска катышууга макулдук берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү бирден-бир маданий борбор болгон Гүлбаар маданият үйүн 2016-жылдын башында АРИС программасынын алкагында капиталдык ремонттоо боюнча инвестициялык конкурска катышып 609 балл упай топтоп, бирок имарат АРИСтин эксперти тарабынан кап. ремонтко өтпөй калды.
Гүлбаар маданият үйүн жаныдан курууга жалпы суммасы 22 млн. сомдук акчалай каражат керектелет экен,быйыл кайрадан Гүлбаар маданият үйүнүн имаратын жаңыдан куруу үчүн АРИС программасынын алкагында өтүүчү инвестициялык конкурска катышууга макулдук берсеңиздер деген, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мурзаевдин сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы «Гүлбаар» маданият үйүнүн имаратын жаңыдан куруу үчүн АРИС программасынын алкагында өтүүчү инвестициялык конкурска катышууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Мурзаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |