КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 17-ноябры № 01-05/ 70
2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын карап берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасынын «А» блогун ремонттоодо түрткү берүүчү грантка коюлуучу долбоорго Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2 551 236 (эки миллион беш жүз элүү бир миң эки жүз отуз алты) сомдук өздүк салымды 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен карап берүү боюнча Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасынын «А» блогун ремонттоодо түрткү берүүчү грант үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүүгө жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасынын «А» блогун ремонттоодо түрткү берүүчү грантка Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2 551 236 (эки миллион беш жүз элүү бир миң эки жүз отуз алты) сомдук өздүк салымы 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 551 236 (эки миллион беш жүз элүү бир миң эки жүз отуз алты)каражатын бөлүп берүүнү мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |