Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын 8 сессиясы
2018-жылдын 05-марты № 39
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарлыган иштердин сапаты,портал жана келишимдер аркылуу алынып келинген материалдардын сапаты,саны,баасы жана шайкештиги боюнча түзүлгөн депутаттык убактылуу комиссиянын корутунду маалыматы жөнүндө
1. Чолпон-Ата айыл өкмөттүн 2017-жылга карата аткарылган иши 771420 сомдук товар алынып, иш жузүндө жумуш аткарлбагандыгы сатылып алынган,товар базар баасынан 164250 мин сомго кымбат алынгандыгы жана 2017-жылдагы сметада каралган 4070,0 миң сомдон сырткары сессияга сунушталбастан 1 млн 6 миң сом акча каражаты депутаттардын макулдугусуз сарптап жибергенине байланыштуу айыл өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Комиссиянын текшерүүдөгү жыйынтыгы менен көптөгөн кетирилген кемчилдиктери аныкталгандыгына байланыштуу эсептөө палатасына текшерип берүү жагы сунушталсын.
3. Жумушундагы кетирилген кемчиликтери үчүн:
- Ак-Тектир айылынын айыл башчысы А.Маараимовдун мурунку сессияда алган эскертүүсун эске алып,
-Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы М.Жумабаевдин мурнуку сессияда өз ишине шалаакылык мамиле жасап жасаган иши канааттандырарлык эмес деп табылгандыгын эске алып, кызматтарынан бошотуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго милдеттендирилсин.
4. Эсептөө палатасынын текшерүүдөгү жыйынтыгынын натыйжасында ФЭБ башчы Э.Байсалбекованын ишинде кемчилдиктери белгиленген шартта, жумуш оорду мыйзам чегинде чара колдонуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарлышын жана көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
6. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С.Кылданов |