Редакцияот 05.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI I чакырылышынын 8 сессиясы

 

2018-жылдын 05-марты № 41

«Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»

 Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы болумунун башчысы Э Байсалбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын 8- сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Чолпон- Ата айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2018- жылга карата 5062,7 мин сом атайын каражатты кошкондо, тендөө гранты 7430,0 мин сом, жалпы 12 492,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чолпон- Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2- тиркеменин негизинде 12 492,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондко чегерүүлөргө жана коммуналдык чыгымдарга жумшалаары белгиленсин.

3. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин» 24- беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 142,2 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

4. Чолпон- Ата айыл аймагынын бюджеттик негизги эсебинде 2018- жылдын 1- январына карата калган калдык 497,1 мин сом акча каражаты № 3- тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.

5. Чолпон- Ата айыл аймагынын атайын каражат эсебинде 2018- жылдын 1- январына карата калган калдык 688,8 мин сом акча каражаты № 4- тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.

6. М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин төрагасына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013- жылдын 15- январындагы № 04- 24\4- 1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.

7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Э. Байсалбековага милдеттендирилсин.

8. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т. Тургунбаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Кылданов