Загрузка документа…
М.АБДЫЛДЫЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 7- сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 32
Айыл аймагынын айылдарында эл менен иш алып баруу калктын күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иш аракеттер жөнүндө
1. Айыл аймагынын айылдарында эл менен иш алып баруу калктын кунумдук жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иш аракеттери боюнча Кара-Күнгөй айылынын айыл башчысы Куланбаев Урмат жана Мазар-Суу айылынын айыл башчысы Айтыкеев Замирдин айылга жасаган иш аракеттери боюнча жогорку деңгээлде канаатандырылып, айылга салган зор салымдары үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ардак Грамотасына сунушталсын.
2. Ак-Тектир айылынын айыл башчысы Маараимов Аалынын айылга жасаган иш аракеттеринде жана өзүнун кызматтык укуктарын так аткарбагандыгында кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
3. Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы Жумабаев Мелистин 2017-жылдын 9 ай ичинде айылга жасаган иш аракеттеринде жана өзүнун кызматтык укуктарын так аткарбай ишине шаалакылык мамиле жасагандыгы үчүн, кылган иш аракети канааттандырарлык эмес деп табылсын.
4. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С.Кылданов |