Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 32/04
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаарайылынын тургуну Топчубаев Өмүрбектин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеёешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Топчубаев Өмүрбектин арызы боюнча өзүнүн 724 м. кв менчик тамаркасынын ичинен 96 м.кв жер аянтын соода түйүн куруу үчүн кайра пландаштыруу максатында Керме-Тоо айылдык кеёешинин отурумунда карап берүүнү суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Топчубаев Өмүрбектин арызы канаатандырылсын.
2. Топчубаев Өмүрбектин 724 м. кв менчик тамаркасынын ичинен 96 м.кв жер аянтына соода түйүн куруу үчүн кайра пландаштыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |