Загрузка документа…
М.АБДЫЛДЫЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 7- сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 33
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Байсалбекова Эркайымга “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, башкача айтканда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы жана 9 айдын жыйынтыгынын негизинде берген маалыматы, жасаган иш аракеттеринде кемчилдиктер бар экени белгиленип, кетирген катаачылыктары үчүн эскертүү берилсин.
2. Так маалыматты 2017-жылдын 20-декабрь айына чейин тактап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 8-сессиясында суралары белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмлгө алуу жагын Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.Cholponata.org/page сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
Төрага | С.Кылданов |