Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 9/5
“Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси: Алиева Гулмиранын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги “Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси: Г.Алиеванын 26.02.2018-жылдагы № А-70 сандуу жайкы саябандарды курууга каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларына жайкы саябан куруу үчүн каражат бөлүнүп берилсин.
2. Курулушка керектүү каражаттарды бөлүү Барпы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |