Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели № 9/6
Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин директору: А.Сайдаевдин кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кенешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин МЭРСИКО долбоору аркылуу курулуп бүткөрүлгөн ашканасына долбоордун талаптарын аткаруу үчүн каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү мектептин “МЭРСИКО” долбоору аркылуу курулуп бүткөн ашканасына керектүү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн кудук, кампа, 8 точкалуу кол жуугуч жасатууга 68 540 (алтымыш жегиз мин беш жүз кырк) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Курулушка керектелүүчү каражаттарды бөлүү Барпы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |