Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IХ сессиясы
2018-жылдын 03-апрели № 9/7
“Чангет-Сай” СПАсынын жетекчиси Н.Бекташовдун кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги “Чангет-Сай” СПАсынын жетекчиси Н.Бекташовдун чыгыш №4 02.04.2018-жылдагы 2018-жыл үчүн сугат сууга болгон кызмат акы тарифти бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Чангет-Сай” СПАсында 2018-жылдын 15-февралында өткөрүлгөн жалпы жыйында белгиленген сугат суу үчүн кызмат акы тарифтик эсеби бекитилсин.
2. Сугат суу үчүн кызмат акы тарифи жашылча бакча өсүмдүктөрү үчүн 1 гектарына 1000 (миң сом), пахта өсүмдүгү үчүн 1 гектарына 800 (сегиз жүз сом), буудай өсүмдүгү үчүн 1 гектарына 700 (жети жүз сом), жүгөрү ( мака) өсүмдүгү үчүн 1 гектарына 800 (сегиз жүз сом), беде өсүмдүгү үчүн 1 гектарына 1000 (миң сом), шалы өсүмдүгү үчүн 1 гектарына 2000 (эки миң сом) эсебинде белгиленсин.
3. Суу кызматынын өндүрүлгөн жыйымынын 10% зы келишимдин негизинде жумушчуларга төлөнүп берилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У. А. |