Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 32/05
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Ташматов Алимжондун Кекилик –Учар дыйканчылык зонасынан айыл чарба багытына кирбеген жараксыз жерди көп акча каражатын коротуп өздөштүргөн, жерин өзүнө менчик кылып берүү өтүнүчүн кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Гүлбаар айылынын тургуну Ташматов Алимжондун Кекилик –Учар дыйканчылык зонасынан айыл чарба багытына кирбеген жерди көп акча каражатын коротуп өздөштүргөн, ошол жерими өзүмө менчик кылып берсениздер деп суранган арызын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын тургуну Ташматов Алимжондун Кекилик –Учар дыйканчылык зонасынан айыл чарба багытына кирбеген жерди көп акча каражатын коротуп өздөштүргөн, ошол жерими өзүмө менчик кылып берсениздер деп суранган арызын, мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовго жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |