Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IХ сессиясы
2018-жылдын 03-апрели № 9/8
Чөкө-Дөбө айылындагы эски кырманды муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги Чөкө-Дөбө айылындагы эски кырмандын ордун муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү элдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом.
ТОКТОМ. КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагынын Чөкө-Дөбө айылындагы эски кырмандын орду муниципалдык менчикке алынсын.
2. Эски кырмандын жерин өлчөп тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси; О.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |