Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IХ сессиясы
2018-жылдын 03-апрели № 9/12
“Ай Нуру” күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги каралуучу “Ай Нуру” күндүзгү калыптандыруу борборунун жетекчиси: Шабданова Нуржамалдын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагындагы “Ай Нуру” күндүзгү калыптандыруу борборунун кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы; А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |