Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IХ сессиясы
2018-жылдын 03-апрели № 9/13
Барпы айыл аймагынын негизги көчөлөрү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл аймагынын негизги көчөлөрүндөгү түнкү жарыктандыруу үчүн төлөнүүчү электр энергиясынын төлөмдөрүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөнү сурап жазган кайрылууну угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Барпы айыл аймагынын борбордук көчөлөрүндөгү түнкү жарыктандыруунун төлөмдөрү төлөнүп берилсин.
2. Барпы айыл өкмөтүнүн борбордук көчөлөрүндөгү түнкү жарыктандыруунун төлөмдөрүн эсептеп, каржы экономика бөлүмүнө сунуш кылуу энергетик: Ж.Абдуллаевге жүктөлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы; А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |