Загрузка документа…
КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 18-августу № 17
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчету
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айлык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы Карымшакованын маалыматын угуп Кетмен-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айлык жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүдөгү отчету канаттандырарлык деп табылсын..
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айына жергиликтүү бюджетинин (атайын каражатты кошкондо) киреше жана чыгаша бөлүгү 2087,9 мин сом болуп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 6 айына республикалык бюджетинен чегерилүүчү теңдөөчү гранттын киреше жана чыгаша бөлүгү 4651,0 мин сом болуп бекитилсин.
4. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айына жалпы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 6874,9 миң сомго бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмирага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |