Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 18-августу № 18
Айыл чарба жана өздөштүргөн жерлерди пайдалануу,жайыт жер салыктарын жыйноо иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жана өздөштүргөн жерлерди такташтыруу жана жайыт жер салыктарын жайыт пайдалануучулардан алуу иштерин жакшыртуу боюнча Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жана өздөштүргөн жерлерди такташтыруу жана жайыт жер салыктарын жайыт пайдалануучуларга түшундурүү иштерин жүргүзүү жер адис Мурзабеков Рысбек Авазкановичке ,жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбаевге милдеттендирилсин.
2. Салык инспекторлору Масирбаев Урматбек Токтобекович жана Байзакова Сыягул Алтымышовнага жер адистер жана жайыт комитети менен биргеликте иш алып баруу жана жер салыктарынын чогултулушу боюнча маалыматты бюджет комиссиясынын кароосуна тапшыруу милдеттендирилсин.
3. Айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна жылдын жыйынтыгы менен жүргүзүлгөн иштердин баардык маалыматтарын тапшыруу жер адис Мурзабеков Рысбек Авазкановичке ,жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |