Загрузка документа…
КЕТМЕН - ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-августу № 19
М-1,М-2 –насостук станцияларынын иштери жөнүндө
Насостук станциялардын иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо,суу токтотулгандан кийин насостук станциялардын ремонт иштеринин жүргүзүлүшү боюнча Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Насостук станциялардын жетекчилери Мырзабеков Токонго, Ысаков Мамбетке, Кебекбаев Жекшеналыга элди сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери милдеттендирилсин.
2. Сугат суу менен сугаруу иштери токтотулган мезгилден баштап насостук станциялардын баардык жумушчуларына ремонт иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Жылдын жыйынтыгы менен насостук станциялардын жалпы абалы жөнүндө сессияга маалымат даярдап алып чыгуу насостук станциялардын жетекчилери Мырзабеков Токонго, Ысаков Мамбетке, Кебекбаев Жекшеналыга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |