Загрузка документа…
КЕТМЕН - ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 20
Коомдук уюмдардын иштери жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн коомдук уюмдарынын иштерин жакшыртуу жана аксакалдар сотунун төрагасын,ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу коомдук уюмдардын иштери жакшыртылып колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Мырзабеков Токондун төрагалыктан бошонуу жөнүндөгу арызы канааттандырылып,элдик жыйын өткөрүлүп айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы шайлансын.
3. Айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсенбеков Бекиштин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу , ардагерлер кеңешинин төрагасы жалпы элдик жыйында шайлансын.
4. Айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасын жана айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча элдик жыйындын протоколдору кийинки сессиянын кароосуна койулуп бекитилсин.
5.Элдик жыйындарды өткөрүү жана кийинки сессиянын кароосуна даярдоо иштери айыл башчыларга жана жооптуу катчы Эсенбековага тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке жүктөлсүн.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | О.Б. Көксариев |