Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 18-августу № 21
Жер тилкелерин сурап кайрылган жарандардын суроо талаптары боюнча
Абылбеков Таалайдын Жаңы-Арык участкасынан сөөк мисте,жаңгак,алма көчөттөрүн өстурүү үчүн 50 жылга жер участогун,Итикеев Максат турак жай салуу үчун жер участогун,Шайдылдаев Мадыш жашылдандыруу үчүн 10 жылдык мөөнөткө жер участогун,Жолдошов Асылбек жыгач устачылык кылуу максатында устакана куруу үчүн 10 сотых жер участогун бөлүп берүү боюнча,Абдулгазиева Альмира жашап жаткан турак жайына тиешелүү документ алуу боюнча кайрылышкан.Жогорудагы жарандардын кайрылууларын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер адистери Жөлөков Турсуналыга жана Мурзабеков Рысбекке жарандардын кайрылууларын айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясынын кароосуна даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Жер участокторун жана турак жайына тиешелүү документ сурап кайрылышкан жарандардын кайрылуулары айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясына кароого койулуп мыйзам чегинде чечилип берүүсү тапшырылсын.
3 .Айыл өкмөтүнүн жер адистери Жөлөков Турсуналыга жана Мурзабеков Рысбекке
жер участокторун жана турак жайына тиешелүү документ сурап кайрылышкан жарандардын кайрылууларын мыйзам чегинде аткарууга алып ,жоопторун берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |