Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезекиеги VI сессиясы
2017 жылдын 18-августу № 23
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен куруу үчүн«Кырк-Казык ФАП» долбоорун колдоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү топтун мүчөлөрүнүн жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонүндө» мыйзамына таянып Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырк-Казык айылындагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын денгээлин өркүндөтүүгө багытталган «Кырк-Казык ФАП» долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 575 000(беш жүз жетимиш беш миң) сом болуп бекитилсин, анын ичинде
475 000 (төрт жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 90 000 (токсон миң) сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу жагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн. Алар өз ишинде Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
5. Бул токтомдун 2,3 пунктарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Карымшаковага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |