Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезекиеги VI сессиясы
2017 жылдын 18-августу № 24
Жалал –Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси тарабынан которулуп берилген акча каражаттарынын сарпталышы боюнча
Жалал –Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси тарабынан Токтогул районунун жергиликтүү айылдык кеңештеринин кошмо жыйынында бекитилип,2017-жылдын планына кирип,келишимдин негизинде Кетмен-Дөбө айыл аймагына 1.Чон-Арык айылынын Уй –Сарай участкасына таза суу түтүкчөсүн жеткирүүгө 200 000(эки жүз )миң сом которулуп берилген.2.Терек-Суу айылында жайгашкан “Кызгалдак” бала бакчасынын терезелерин алмаштырууга 125 000 (жүз жыйырма беш )миң сом акча каражаты которулуп берилген.3.Чон-Арык айылына атайын фонд тарабынан орнотулган трансформаторго 25(жыйырма беш) миң сом которулуп берилген (каттары тиркелет 2-барактан).Которулган акча каржаттарынын максаттуу сарпталышы боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Которулган 350 000 (үч жүз элүү миң сом ) акча каражаты максаттуу пайдаланылсын .
2. Которулган акча каражаттарынын 200 000(эки жүз )миң сому -Чон-Арык айылынын Уй –Сарай участкасына таза суу түтүкчөсүн жеткирүүгө, 125 000 (жүз жыйырма беш )миң сому Терек-Суу айылында жайгашкан “Кызгалдак” бала бакчасынын терезелерин алмаштырууга25000(жыйырма беш) мин сому Чон-Арык айылындагы трансформаторго сарпталып ,өз учурунда аткарылган иштер боюнчча кат түрүндө маалыматтар берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо ,бюджет жана экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |