Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезекиеги VI сессиясы
2017 жылдын 18-августу № 22
Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлеринин иштери жөнүндө
Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлеринин иштери боюнча Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын катышуусунда Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Султаналиев Бакыттын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Султаналиев Бакыттын маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кылмыш иштерин болтурбоо боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу,элдик жыйындарга катышып коомдук уюмдар менен тыгыз иш алып баруу Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Калк арасындагы болуп жаткан кылмыш иштерин өз учурунда ачып ,мыйзамдуу иш алып баруу жагы эскертилсин.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |