Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезекиеги VII сессиясы
2017 жылдын 04-декабры № 26
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн негизги эсебине которулуп берилген акча каражатын пайдалануу боюнча
Кыргыз Респуликасынын Финансы Министрлиги тарабынан Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн негизги эсебине которулуп берилген 500 000 (беш жүз миң)сом акча каражатын пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымщакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Респуликасынын Финансы Министрлиги тарабынан Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн негизги эсебине которулуп берилген 500 000 (беш жүз миң)сом акча каражатынын эсебинен 400 000(төрт жүз миң) сомуна Кырк-Казык айылындагы жаңыдан бүткөрүлгөн мектепке класстык инвентарларды сатып алууга ,ал эми 100 000(жүз миң) сому Терек-Суу айылдык клубуна музыкалык инвентарларды сатып алууга жумшалсын.
2.Бул бөлүнүп берилген акча каражаттарына инвентарларды мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жайгаштыруу айыл өкмөтүнүн уюштурулган сатып алуулар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын ккөзөмөлгө алуу жагы бюджет комиссиясынын курамына ташырылсын.
4.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |