Загрузка документа…
КЕТМЕН – ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын кезекиеги VII сессиясы
2017 жылдын 04-декабры № 28
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча маалыматын угуу
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбаев Уландын 2017- жылдын 9 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбаевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматы канааттандырылсын.
2. Жайыт комитетинин тогуз айы ичинде аткарылган иштердин кемчиликтери эске алынсын, 2017-жылдын жыйынтыгы менен маалыматтар такталып ,жайыт комитетинин аткарылган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып сессияга маалымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ар бир туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |