Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 13-декабры № 29
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу мекеме жетекчилеринин жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу мекеме жетекчилеринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтары угулду.№ 12 Курама уулу Турусбек,№ 13 Коргол атындагы орто мектептеринин,№10 Кызгалдак балдар бакчасынын ,маданият үйүнүн,Терек-Суу аймактык оорукананын.Коргол музейинин жетекчилеринин жана Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн участкалык кызамткеринин маалыматтары угулуп,суроо-жооптор менен талкууланып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу мекеме жетекчилеринин жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Билим берүү,дин иштери,саламаттыкты сактоо,маданият маселелери,спорт,туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын мекемелерлердин иштерин карап чыккан маалыматы,каарап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айтылган сын пикирлер эске алынып ,жыйынтык чыгарылсын.
3. Сессияга чакырылып, колдорунда сессиянын маселесине даярдаксыз, маалыматы жок келген мекеме жетекчилерине китепкана башчыларына,суу чарба жетекчисине жоопкерчилик менен мамиле жасоо жагы эскертилсин.
4. Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу мекеме жетекчилерине жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүгө жоопкерчилик менен катышуусу милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы окмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке тапшырылсын
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |