Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 13-декабры № 31
“Таза суу” бирикмесинин калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин кароо боюнча
Калкты Таза суу менен камсыз кылуу боюнча бүгункү күндө аткарылып жаткан иштер жана көйгөйлүү маселелер боюнча ушул бирикменин жумушчусу Жумабаев Бузурманкулдун жана бухгалтери Дүйшөнова Жанылдын билдирүү маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таза суу боюнча айылдык кеңештин атайын комиссиянын курамын түзүлсүн.
2. Таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Таза суу” бирикмесинде иштеген жумушчулардын эмгек акысын (айлыгын) чечип берүү бирикменин бухгалтери Дуйшоновага милдеттендирилсин. Жумабаев Бузурманкулга – ар бир көчөлөргө койулган крандардын суу чыккан ,суу чыкпаган жерлерин такташтырып ремонт иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Таза суу менен камсыз кылууда ремонт иштерине жумшалуучу акча каражатын таап берүү ФЭБ башчысы милдеттендирилсин.
4. Калктан жыйналуучу Таза суунун акча каржатын (төлөмүн) топтоо иштерине айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жардам берүү иштери тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичке тапшырылсын.
6. Бул токтомун аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүү туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Б.Көксариев |