Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрелиндеги № 4
«Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын «Чат көпүрө» жана «Жаз Кечүү» постунда малдардын жазгы жана жайкы жайыттарга өз убагыда өткөрүү, ар кандай кагаз билет тактамаларына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө»
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору К.Чойтоевдин оозеки билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагында айыл чарба малдарын жайкы жайыттарга жайгаштыруу, жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жайыт акыларын төлөтүү жайыттарды рационалдуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үнкүр токой кызматына милдеттендирилсин.
2. Жергиликтүү элдердин айыл чарба малдары жайлоо жайытына чыгуусу 2018-жылдын 05-майына чейин көчүрүлсүн.Жайлоого көчпөгөп жарандарга айыл башчылар жана токой чарбанын токойчулары тарабынан мыйзам чегинде айып пул салууга уруксат берилсин.
3. Башка айыл аймагынан жайлоо жайыттарга келген айыл чарба малдарын көзөмөл пункуттарынан өткөрүү 2018-жылдын 20-майынан баштап уруксат берилсин.
4. Айыл чарба малдарынын жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча иш чара иштеп чыгып, “Чат көпүрө» жана «Жаз Кечүү» көзөмөл пункуттарынан жайлоого өткөн айыл чарба малдарынын ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзгөндүгү туурулуу тактамаларын текшерип өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси З.Ускенбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Үнкүр токой кызматынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А. |