Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 6
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Кара-Үнкүр токой бөлүмүнүн № 3 токойчулугунун Чат-Көпүрө көзөмөлдөө пункутунун кире бериш жерине “Арка”курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Үнкүр токой кызматынын 2018-жылдын 06-апрелиндеги техникалык кенешинин жана профсоюз уюмунун кошмо жыйынын чогулушунун № 4 токтомун угуп жана талкулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой кызматынын 2018-жылдын 06-апрелиндеги техникалык кенешинин жана профсоюз уюмунун кошмо жыйынын чогулушунун № 4токтомуна негиз Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Кара-Үнкүр токой бөлүмүнүн № 3 токойчулугунун Чат-Көпүрө постунун кире бериш жерине “Арка” куруш үчүн токой чарбанын бош жаткан жеринен
4 м.кв. жер аянты ажыратып берилсин.
2. “Арка” курууга байланышкан иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Базар-Коргон райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко жана айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясын маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А.А |