Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 7
«Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Кара-Үнкүр токой бөлүмүнүн № 3 токойчулугунун “Тараша” колотунан айыл аймагынын элдеринин азык- түлүк жана башка таштандыларын таштоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Кызыл-Үнкүр токой кызматынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги техникалык кенешинин жана профсоюз уюмунун кошмо жыйынын чогулушунун № 5токтомун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой кызматынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги техникалык кенешинин жана профсоюз уюмунун кошмо жыйынын чогулушунун №5 токтомуна негиз Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын Кара-Үнкүр токой бөлүмүнүн № 3 токойчулугунун “Тараша” колотунан Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын элдеринин азык-түлүк жана башка таштандыларын таштоо үчүн 4000 м.кв.жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко жана айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А.А |