Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 8
Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын № Наристе балдарбакчасынын жана № 21С.Ташиев атындагы орто мектебинин туштарындагы негизги асфальт төшөлгөн чон жолдорго автоунаалардын ылдамдыгын төмөндөтүү жөнүндө
Кызыл-Үнкүр айылдык кенешинин депутаты М.Кадыровдун кайрулуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын № Наристе балдар бакчасынын жана № 21С.Ташиев атындагы орто мектебинин туштарындагы негизги асфальт төшөлгөн чон жолдорго автоунаалардын ылдамдыгын төмөндөтүү үчүн жол белгилерин орнотуу жагы ДЭП 52 ишканасынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко жана айылдык кенешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А.А |