Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели № 10
Кызыл-Үнкүр токой кызматынын Жаз-Кечүү токой бөлүмүнүн №1 токойчулугунун Беш Терек колотунан улуттук “Көк бөрү” ат оюндарын өткөрүү үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаз-Кечүү айылынын айыл башчысы З.Масиркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой кызматынын Жаз-Кечүү токой бөлүмүнүн №1 токойчулугунун “Беш Терек” колотунан улуттук “Көк бөрү” ат оюндарын өткөрүү үчүн пайдаланууга керексиз , бош жаткан жерден жер аянты ажыратып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко жана айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Жамгырчиев А.А |