Загрузка документа…
ТОРКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 20
Торкен айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 01.01.2018-жылга негизги жана атайын каражаттан калган калдыктарын бекитүү жөнүндө
Торкен айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 01.01.2018-жылга негизги жана атайын каражаттан калган калдыктарын бекитүү жөнүндөгү маселени
А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
VII-сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Торкен айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Торкен айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Жунусалиеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы( республикадан берилүүчү каражаттарды кошо эсептегенде) - 12361,7 миң сомго бекитилсин.
3. Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү - 4949,8 сомго (жайыт салымы 401,8 миң сомду кошо эсептегенде) бекитилсин.
4. Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга атайын каражатынын киреше бөлүгү - 700,0 миң сомго бекитилсин.
5. Торкен айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2018-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% ке чейинки өлчөмүндө 123,6 миң сомго бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөрүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүүлөрү белгиленсин.
6. А.Суеркулов айылдык Кеңешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 2013-жылдын 15-январындагы №04/24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
7. Кеңештин туруктуу комиссиянын чыгымдары, аппараттын чыгымдары менен бирге төлөнүүсү белгиленсин.
8. Торкен айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Токтогул шаарына отчет тапшыруу үчүн барган күндөрүнө сапар чыгымы төлөнүп берүү жагы белгиленсин.
9. Торкен айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Жунусалиевага жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, айылдык кеңешине маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
10. Торкен айыл өкмөтүнүн негизги счеттон 01.01.2018 – жылга калган – 1002,6 миң сом калдыгы төмөндөгү беренелерге бөлүнсүн. Аппаратка: 2215 беренесине - 595,0 миң сом, 2221 беренесине - 405,0 миң сом, 2222 беренесине - 2,6 миң сом.
Жалпы - 1002,6 миң сом.
11. Торкен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан 01.01.2018-жылга калган 23,2 миң сом калдыгы төмөндөгү беренеге бөлүнсүн. Аппаратка:2215 беренесине -23,2 миң сом.
12. Атайын фонддон спец техниканын өздүк салымы үчүн түшкөн 900,0 миң сом Торкен айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин 3112 беренесине каралсын.
Аппаратка: 3112 беренесине- 900,0 миң сом .
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
14. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
15. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
16. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |