Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги биринчи сессиясы
2017-жылдын 15-июну № 1-2
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентинин 3-бөлүмүнө ылайык жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 15.06.2017-жылдагы №3 протоколун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагалыгына добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутатардын көпчүлүк добушун алган Маканбаев Асылбек Чаканович Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.Наримбетова |