Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги экинчи сессиясы

2017-жылдын 5-июлу № 2-1

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө” 2017-жылдын 5-июлундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич шайланды деп эсептелсин.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Боробордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага

Т.Наримбетова