Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги экинчи сессиясы
2017-жылдын 5-июлу № 3-1
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдалануу жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1000,0 миң сом акча каражатты зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтү Талаа-Булак айылындагы Кок-Булак участкасында 40 гектар жердин генпланын жасатууга 220,0 миң сом, Жашасын-2 айылында курулуп жаткан ФАПтын документация иштерине 160,0 миң сом б.а. ЖКХ бөлүмүнүн “Ар түрдүү чыгымдар” беренесине 380,0 миң сом, ”Учурда оңдоолор” беренесине 200,0 миң сом көчкү түшкөн жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн бөлүнүп берилсин. Талаа-Булак айылында жаңы чектерге электр линияларын орнотуу үчүн столба бетондорун алууга 220,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Билим берүү бөлүмүнүн “Ар түрдүү чыгымдар” беренесине 100,0 миң сом мектептердин документация иштерине бөлүнүп берилсин.
3. Элдерге социалдык жактан жардам берүү үчүн 100,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Республикалык бюджеттен келген акча каражаты сметага өзгөртүү киргизилип 1000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
5. Жогорудагы токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы бөлүм башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.Наримбетова |