Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-2
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен каржыланган акча каражатын иштетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен айыл аймагындагы жер көчкү коркунучунан жашоочуларды көчүрүү жана жайгаштуруу үчүн келип түшкөн 2000,0 миң сом боюнча, айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Турганбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча суралган 2000,0 миң сом акча каражаты төмөнкү зарыл жумуштарга жумшалсын:
· Орто-Азия, Бостон, Ак-Баш, Мундуз айылынын Орто-Сай участкасына, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасына жалпы 100 (Жүз) даана электр мамычаларын сатып алууга, суммасы 1330,0 миң сомдук;
· Мундуз айылында курулуп жаткан ФАПтын курулушуна, суммасы 130,0 миң сом;
· Жашасын-2 айылына электр зым сатып алууга, суммасы 110,0 миң сом;
· Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасына, Таштак айылынын Алмалуу жана Акчалуу участкасынын ички жолдорду шагыл төшөөгө суммасы 400,0 миң сом;
· Кызыл-Сеңир айылындагы жерди трансформациялоо документтери үчүн, суммасы 30,0 миң сом.
2. Кошумча түшкөн акча каражатын мыйзамдуу иштетүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго, ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |