Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-3
Айыл өкмөттүн 2017-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, айыл өкмөттүн салык боюнча башкы адиси Н.Ашимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү унаа салыгына төлөп келген КР ӨКМ Жалал-Абад областтык көчмө колоннасынын автоунаалары жоюлуп кеткенине жана мурунку ф-4 аркылуу Мундуз айылындагы мал базарга келген башка райондордун автоунааларынан алынып жаткан салыктар өз даректерине төлөнө баштаганына байланыштуу мурунку 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу 2017-жылы пландар толбой төмөн болуп жатканынын негизинде 2018-жылга карата унаа салыгы 230,0 миң сомго азайтылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык бюджеттин баланстуулугун камсыз кылуу максатында 2017-жылга бекитилген чыгаша милдеттемелерин 70911-бөлүмүнүн 3111-беренесинен 230,0 миң сомго кыскартылсын.
3. 2017-жылга бекиттилген бюджетинин киреше чыгашаларынын азайышы боюнча тактоо киргизүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сузак башкармалыгы аркылуу Финансы министрлигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |