Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги төртүнчү сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-4
Жайыт комитети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жыл 26-январь №30 мыйзамынын 4-6-8 беренелерин жана 6 бөлүмүн 11.1.1 беренелерин негиздеп, жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковдун жайыттарды пайдалануу боюнча 2018-жылга карата пландаштырылышы жөнүндө маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын кеңешмесинин токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга такталган киреше жана чыгашалары 820,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт жерлерди тосуп, чөп орок катары пайдалангандар ар бир гектары үчүн 500 сомдон акы төлөөсу жөнүндө жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.
3. Жайыт комитетинин өздүк авто машинасынын жоктугуна байланыштуу келишим менен жеке автомашиналар иштешүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |