Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги экинчи сессиясы
2017-жылдын 15-декабры № 4-5
“Мурок-Суу” СПАсы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын негиздеп, “Мүрөк-Суу” суу пайдалануулар ассоциациясынын жетекчиси Б.Стамкуловдун 2017-жылдагы аткарылган иштери жана 2018-жыл үчүн аткарыла турган иштери жөнүндө маалыматты жана бюжет боюнча кеңештин туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мүрөк-Суу” суу пайдалануулар ассоциациясынын 2018-жылга такталган киреше жана чыгашалары 995,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Суу» суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2017-жылдагы дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы “Мүрөк-Суу” СПАсынын жетекчиси Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Маканбаев |